www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуулугун камсыз кылуу максатындагы ири долбоордун алкагында SCADA автоматташтыруу системасын жаңылоо жана IT-инфраструктураны модернизациялоо боюнча тендердин техникалык сунуштарын ачуу иш-чарасы өттү.

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан санариптик трансформациянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты — Улуттук диспетчердик борбордун (NDC), резервдик борбордун (BNDC) жана өлкөдөгү сегиз региондук диспетчердик борбордун (RCC) ишин заманбап SCADA/EMS системасы аркылуу бирдиктүү башкаруу платформасына интеграциялоо. Ошондой эле подстанцияларда автоматташтыруу жана маалымат алмашуу системаларын өркүндөтүү каралган.

Иш-чарага энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов, тендердик комиссиянын өкүлдөрү жана көз карандысыз техникалык эксперттер катышты.

Тендердин жүрүшүндө катышуучулардын техникалык сунуштары расмий түрдө ачылып, каттоого алынды. Кийинки этапта комиссия жана эксперттик топ сунуштардын техникалык талаптарга шайкештигин, сунушталган чечимдердин сапатын жана долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн баалашат. Андан соң каржылык сунуштар каралып, жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат.

Министрликтен белгилешкендей, долбоорду ишке ашыруу энергетика тармагындагы санариптик башкарууну күчөтүп, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү процесстерин оптималдаштырууга шарт түзөт. Мындан тышкары, авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жогорулайт.

Тендердик процесс Дүйнөлүк банктын талаптарына жана Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдарына ылайык ачык-айкын негизде жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Последние новости