www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда электр энергиясы менен камсыздоонун жыйынтыгын чыгарып, тармакты күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Министр энергетикалык компаниялардын, уюмдардын жана ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөн жумушчу кеңешмеде эл аралык иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылган адистерге ыраазычылык билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар учурунда 600дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн күнү-түнү режиминде иштеп, негизги объектилердин туруктуу электр менен камсыздалышын камсыздаган.

Ошондой эле 11–12-сентябрда Талас облусунда өтө турган Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар учурунда энергетикалык объектилердин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу тапшырылды.

Жыйынтыгында тармактык уюмдардын жетекчилерине энергетикалык объектилерди 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо, оңдоо, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырылды.

Последние новости