www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тараган жаңы алдамчылык схемасы тууралуу эскертти.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар жарандарга жеңилдетилген насыя алууга жардам берүүнү убада кылган жарнамаларды таратып жатышат.

Алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү колдонууда.

Улуттук банк жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө жана бейтааныш адамдарга эч кандай акча которбоого чакырды.

Ошондой эле маалыматты расмий булактар аркылуу гана текшерүү керектигин эскертти.

Улуттук банк насыя бербей турганын, акча которууну талап кылбай турганын, кызматкерлеринин күбөлүктөрүн мессенджерлер аркылуу жөнөтпөй турганын жана жеке адамдарга кызмат көрсөтпөй турганын белгиледи.

Эгерде жарандар алдамчылардын курмандыгы болуп калса, банк картасын дароо бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости