www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында Дохада Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Токтоболотов Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге ишеним грамотасынын тапшырды.
Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого, анын ичинде саясий диалогду жана соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты күчөтүүгө өзгөчө басым жасай турганын белгиледи.
Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары активдүү өнүктүрүүгө болгон умтулуусун ырастады. 2023-жылдын июнь айында анын мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров менен болгон жолугушуусун өзгөчө жылуу маанай жана канааттануу менен белгиледи.
Өз кезегинде Элчи А. Токтоболотов эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду андан ары кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн бардык спектри боюнча ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө толук даяр экенин билдирди.
Катар Мамлекетинин Эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргыз Республикасынын элчисине эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүү боюнча аракеттеринде ийгиликтерди каалады.