www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүнө арналган декаданын иши уланууда.
Иш-чаралар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин глобалдык программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргызстандын президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн жетекчилиги алдында өткөрүлүп жатат.
Он жылдыктын негизги максаты – тоолуу аймактардын стратегиялык маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, туруктуу өнүгүү идеяларын илгерилетүү, ошондой эле узак мөөнөттүү тоолуу күн тартибин түзүүгө жаштарды, илимий коомчулукту жана жарандык коомду активдүү тартуу болуп саналат.
Декада алкагындагы иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыды:
– 2–5-декабрда Ош шаарында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин колдоосу менен “Тоолор. Экология, кинодогу аялдар – келечекти өзгөрткөн көз караш” аттуу 7-Эл аралык режиссёр айымдар кинофоруму өткөрүлдү.
– 4-декабрда Бишкек шаарында “Абориген кыргыз жылкысынын тукумун сактоо: учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аттуу тегерек стол уюштурулду. Иш-чара Туруктуу өнүгүү стратегиясы институту (ISDS) коомдук фонду тарабынан Slow Food International жана IFAD колдоосу менен өткөрүлдү.
– 9-декабрда президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту эл аралык өнөктөштөргө бийик тоолуу калктуу конуштардын жашоо-турмушунун базалык шарттарынын жеткиликтүүлүк индексинин жыйынтыктарын, ошондой эле Кыргызстандын тоолуу аймактарын географиялык, демографиялык, социалдык, экономикалык жана экологиялык аспектилер боюнча комплекстүү изилдөөнү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун орто аралык жыйынтыктарын сунуштады.
– 9-декабрда Бишкек шаарында Эл аралык тоо күнүнө карата президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн жана Улуттук телерадиокорпорациясынын колдоосу менен Борбор Азия университети (БАУ) тарабынан уюштурулган мектептер аралык викторина болуп өттү.
Иш-чара жаштарды тоо экосистемаларын изилдөөгө жана экологиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө тартууга багытталды.
Мындан тышкары, 9–11-декабрда Бишкек шаарында жана Нарын облусунун тоолуу аймактарында саламаттык сактоо экосистемасын өнүктүрүүгө арналган презентациялар жана семинарлар өткөрүлүүдө. Алардын катарына медициналык жардамдын инновациялык моделдери, “Ден соолугуңду текшер” мобилдик тиркемеси, кардиологиялык кластер долбоору (Cath Lab), тоолуу аймактардагы дарыгерлер үчүн заманбап диагностика жана дарылоо ыкмалары боюнча окутуу программалары кирет. Иш-чараларды Саламаттык сактоо министрлиги жана академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору уюштурууда.
Ошондой эле өлкөнүн бир катар илимий жана билим берүү мекемелеринде презентациялар, көргөзмөлөр, тоолорду тазалоо акциялары, климаттын өзгөрүшү, органикалык айыл чарбасы, жайыттарды башкаруу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча форумдар, класстык сессиялар, фото көргөзмөлөр жана мектеп ичиндеги дебаттар өтүп жатат.
Эл аралык Тоо күнүнө арналган маданий, спорттук жана билим берүү иш-чаралары Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана Кыргызстандын 20дан ашык мамлекеттеги элчиликтери тарабынан да уюштурулуп, көргөзмөлөр, лекциялар, флешмобдор жана презентациялар өткөрүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, он жылдан бери социалдык түйүндөрдө дүйнөнүн бардык бурчтарындагы адамдарды тоолорду коргоо идеясында бириктирүү максатын көздөгөн глобалдык флешмоб өтүп келет. Каалоочулар акцияга катышып, кыска видеону (орусча/кыргызча/англисче) жайгаштырып, колдорунда “Тоолор……/Тоолор бул…./ Тоолор………..” деген жазууну кармоо менен тоолор алар үчүн эмнени билдирерин бөлүшө алышат.
Катышуучулар #InternationalMountainDay, #23forSnowLeopards, #GlobalMountainSummitBishkek хэштегдерин колдонуп, акциянын өнөктөштөрү болгон @snowleopardtrust, @globalsnowleopard, @kyrgyzdivsident аккаунттарын белгилешет.
Флешмоб тоолорду сүйгөн адамдардын биримдигин жана келечек муундар үчүн тоо экосистемаларын сактоо идеясын чагылдырат.