www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык террористтик уюмунун идеологиясын кармангандар жашаган үч үйдө уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК органдары Ош ОИИБ менен биргеликте ЭТУнун идеологиясынын жактоочулары жашаган 3 жер боюнча санкцияланган тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Тинтүү иштеринин натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар табылган (25 китеп, 1 телефон, 6 дептер, 5 баракча). Табылган буюмдар дин таануу экспертизасын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик мекемесине жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишинин фигуранттарына карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Последние новости