www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Се аттуу тургуну өзүнүн 2 жашар баласын сатып, акчасына саякаттаганы кетип калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Се уулунун апасы менен ажырашып, баласын өзүнө алып калган. Анын жаңы жубайы өгөй уулун жактырбай, чыр-чатак көп чыга баштаган. Буга байланыштуу Се уулун баласы жок үй-бүлөгө 158 миң юанга (2 миллион сомдон ашык) сатып, жубайы менен саякаттоого кеткен.

Баланын жоголгонун байкаган Сенин туугандары полицияга кайрылган. Кылмышкер күч органдары тарабынан Чжэцзян провинциясынан кармалып, камакка алынгандыгы жазылган маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости