www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда укук коргоо органдары Тышкы экономикалык ишмердүүлүк банкы менен «Сенагат» коммерциялык банкын текшерип жатат.

Айрым кызматкерлер мыйзамсыз операцияларды жүргүзүү шеги менен кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы жеке булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, кармалган кызматкерлер пара алып, эл аралык төлөм картасы бар жарандарга чектөөсүз түрдө акча чыгарууга көмөк көрсөтүшкөн.

Түркмөнстанда 2016-жылдан бери валюталарды конвертациялоого чектөө киргизилген. 2017-жылдан тартып картадан акча чыгаруунун бир күндүк лимити 1000 доллардан 50-100 долларга чейин кыскарган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости