www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баяна тууралуу жаңы эле пост жаздым эле өчүрүүгө аргасыз болдум. Өзү менен байланышсам эмнеге мээме тээп кетти деп жазасын расмий түрдө кечирим сура деди. Адамдык сапатымдын бийиктигиби же төмөндүгүбү көп айтышпай кечирим сурайм дедим эгер аша чапсам! Себеби Баяна менен айтышып кереги жок!
Улуу урматтуу Баяна кечирип койуңуз мени! Экинчи кайталанбайт!

Чыр эмнеден келип чыкты?

-"Эки аял талкуусун" көтөргөнү менин жеке өзүмө карата сын пикирлер абдан көп айтылып жатат. Кээ бири кислота чачкысы келди, кээ бири сүзүп кеткиси келди, кээ бири топтошуп сабатып зордуктатмак болушту, кээ бири каргады, кээ бири эмнеге билбейм өч алмай болду. Баары көңүлүмдө бирок унчукпадым. Бегим күчтүүсүң  сен, жеңесиң, жашоодо мындан оор тосколдуктарды жеңгенсиң, алты айлык балаң колуңда чарчап калганда деле жаткан жериңден туруп кеттиң го дедим...

Ооба дедим, дагы деле деп жашай берем. Жашоо, тагдыр ар кандай. Көп нерсе жоготосуң табасың, акылыңдан адашасың, сынасың, ката кетиресиң, ыйлайсың, күлөсүң, ачка каласың, ток жүрөсүң. Баарын билип, көрүп такшалышың керек. Себеби сен адамсың, жараткан берген адамдык сапат бар.

Мен көтөргөн маселем менен эч кимдин кадырына шек келтирген жокмун. Эч кимибиз Ананалдуу эмеспиз, ката кетиребиз. Бирок ошол каталарды кайрадан кайталабоого аракет кылуу керек. Мен бу дүйнөдө кумурскага дагы жаман айтып көргөн жан эмесмин. Билбей, көрбөй тебелеп эле кетпесем. Бир гана суранаарым маселени талкуулагыла бирок жеке жашоомо кийлигишпегилечи сураныч. Жакшы деп эсептеп кээде сыр ачышып сүйлөшкөн адамдар мынтип бүгүн ойду тоону сүйлөп жатышат. Чындыгында көңүлдү оорутат. Абдан эле, кээде аялдык алсыздыкка салып ыйлайм эч кимге угузбай, бирок баары бир бук калат экен. Жеке жашоом ошончолук кызыктырса айтып берем өзүм. Анан бир аз адамкерчиликтүү болгулачы сураныч. Көз жумуп эле мекенимден кетип калгым келет, кетип калгым!

Назира Бегим...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости