www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталды.
Алынган маалыматтарга караганда, 8-июль күнү Чкалов районундагы Полевской трактында жүргүнчү ташыган автобус 1993-жылы туулган Б.К. жана 1991-жылы туулган Э.Н. аттуу жарандарды сүзүп кеткен. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.
Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери мекендештерден кабар алып, окуянын жагдайлары менен таанышышты. Ошондой эле Екатеринбургдун Мамлекеттик автоинспекциясынан жол кырсыгы боюнча зарыл маалыматтарды алып, маселени көзөмөлгө алышты.
Башкы консулдук Орусиянын тиешелүү органдары жана жабыркагандардын жакындары менен туруктуу байланышта болуп, зарыл консулдук жардам көрсөтүүдө.