www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖМКлардын маалыматына ылайык, «Эдунун кырк чоросу» деп аталган топтун мүчөсү делген, «Лизун» каймана аты менен белгилүү жаран кармалды.
Маалыматка караганда, кармоо операциясын Ички иштер министрлигинин Башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн. Учурда кармалган жарандын процесстик макамы жана кайсы берене боюнча тергөө жүрүп жатканы расмий түрдө айтыла элек.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кармоо УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы башкармалыгынын башчысы, «Эду» каймана аты менен белгилүү Элдар Жакыпбековго байланыштуу кылмыш ишинин алкагында болушу мүмкүн. Социалдык тармактарда Лизун анын жакын чөйрөсүнө кирген адамдардын бири катары айтылып келген.