www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баарынан кыргыз тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүү талап кылынарын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал мамлекеттик тилге, адабиятка, Кыргызстандын тарыхына жана географиясына өзгөчө көңүл бурула турганын айтты.
- Кыргыз тилин үйрөтүү ыкмалары толугу менен каралып чыгат. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөө – өлкөнүн коомдук, кесиптик жана саясий жашоосуна толук кандуу катышуунун ачкычы. Кыргыз тилин мыкты өздөштүрүүнү бардык бүтүрүүчүлөрдөн талап кылабыз. Баарына жаккыдай чечим кабыл алууга убактыбыз жок.
Ар кандай методикаларды карап көрөбүз, мазмунун жаңыртабыз, улам түздөп, кошумча-алымча киргизип алдыга жыла беребиз, - деп белгиледи Байсалов.
Калп айткан менен болобу, мына ушул саясатты жалпы жумурай журт колдоп, кубаттап, алдыга жылдырууга милдеттүү. Мына ушуну мамлекеттин келечегин ойлогон саясат десе жарашат.