www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдик мамлекеттери РФ лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга карата санкциялык басымды күчөтмөй болду.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн жетекчилери 19-май күнү телефондон сүйлөшкөн. Путин америкалык лидер менен эки сааттан ашуун сүйлөшкөнүн билдирип, жыйынтыгы тууралуу да айткан. Андан бир катар чечимдер менен бирге Россия — Украина жаңжалын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоо макулдашылган. Трамп андан кийин Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн башчылары менен баарлашып, кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымдар кылган.
"Европалыктар Россияга кысымды санкция аркылуу күчөтө турганын билдиришти", — деди Корнелиус.
Россияга Батыш атайын аскердик операция башталгандан тарта кысымын күчөткөн. Москва санкцияларга туруштук бере аларын башынан эле айтып келет. Акыркы убакта Батыштын өзүндө да чектөө чаралары эч кандай натыйжа бербегени айтыла баштаган.
РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку урганын белгилеген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу.