www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 9-сентябрда ЕАЭБдин бажы чек арасында жана аймагында фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу продукциялардын тизмесине өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алды.

Жаңы тартипке ылайык, эл аралык стандарттарга ылайык фитосанитардык иштетүүдөн өткөн жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар фитосанитардык сертификат менен милдеттүү түрдө коштолбойт.

Буга чейин эл аралык маркировкасы бар болсо да, мындай материалдар үчүн кошумча фитосанитардык сертификат талап кылынчу.

Өзгөртүү документтердин санын кыскартып, жүктөрдү тариздөө убактысын азайтууга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товар ташууну жеңилдетүүгө шарт түзөт.

Министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты.

Ошол эле учурда жаңы талаптар фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин төмөндөтпөйт.

Эл аралык маркировка жыгач материалдары тиешелүү фитосанитардык иштетүүдөн өткөнүн тастыктайт.

Последние новости