www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө тездик менен кымбаттап бара жаткан биржалык товарлардын катарын какао, шекер, кофе жана пахта толуктады. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити жазып чыкты

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк биржада май айынан бери шекер 19 пайызга, пахта 10 пайызга кымбаттаган.

Ал эми Лондон биржасында акыркы айда какао 17 пайызга (тоннасына 2488 долларга чейин), кофе 14 пайызга (килограммына 2,47 долларга чейин) баасын жогорулатты.

Маалыматка караганда, дал ушул товарлардын баасы пандемияга чейин бир топ арзандап кеткен. Бирок акыркы жарым жыл ичинде кайрадан көтөрүлдү. Адистер дүйнөдөгү абал турукташып, товар өндүрүү калыбына келмейин, баа өскөндөн өсө берерин божомолдошууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости