www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 5 жылда дүйнө жүзүндө мамлекеттер аралык курал сатуу экспорту 9,2%га өстү. Бул тууралуу Стокгольмдун эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIPRI) 2021-2025-жылдарды камтыган баяндамасында айтылган. 

Баяндамада белгиленгендей, курал сатууда АКШ биринчи орунда турат. Дүйнөлүк курал экспортунун 42% ын камсыз кылат. Бул көрсөткүч мурдагы 5 жылдыкка салыштырмалуу 6% жогору. 

Тизмеде экинчи орунда Франция турат, анын үлүшү 9,8% түзөт. Франциянын курал экспортунун болжол менен 24% Индияга жөнөтүлгөн. Индия ошондой эле Россиянын куралдарын эң көп импорттоочу өлкө болуп эсептелет жана Россиянын экспортунун 48% түзөт.

Бирок изилдөөгө ылайык, акыркы 5 жылда Россиянын курал экспорту 64%га кыскарып, өлкө ири курал экспорттоочулардын тизмесинде экинчи орундан үчүнчү орунга түшкөн. 

Баяндамада Украина дагы эле Европадагы эң чоң курал импорттоочу өлкө экени белгиленген. 2021-2025-жылдары өлкөнүн дүйнөлүк курал импортундагы үлүшү 9,7% түзгөн. Украинанын негизгинен АКШ, Германия, Польшадан курал сатып алган.

Арийне, 2025-жылы Украинага курал жеткирүү көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайган. Ал эми көптөгөн европалык өлкөлөр да Россиядан кооптонуп курал сатып алууну көбөйтүшкөн.

Последние новости