www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абсурд. Неге дегенде парламентке келип мандатын алып, элдин “талабына камкордук” көргөн эл өкүлдөрүнө былтыр 750 миллион сом акча коротулганы маалыматтан билинди. Быйыл болсо 800 миллионго чукул сом каражатты мамлекеттин казынасынан бөлүп бергендиги боюнча кабар тарады. Ошондо эмдиги жылы кайрадан ушунча көлөмдөгү акчаны депутаттарга багыттап берсе эки жылда эле 1 миллиард беш жүз миллион сомду бийликтин “эркелери” мойсоп салышат турбайбы? Бул деген кыргыз элинин эсебинен чогултулуучу каражат экени талашсыз да? Туурабы?
Негизи парламенттин ак жакалуулары таптакыр көк ташка отуруп калган кембагал эмес да? Кудайга шүгүр, алардын үйүр-үйүр жылкылары, пансионаттары, тойканалары, ири тигүү цехтери, гектарлаган жерлери, особняктары, банктагы катылган акчалары бар эмеспи. Демек, булардын ыйманы бар болсо өзүлөрү айткандай эли үчүн ак кызматын арнап, жакшы мыйзамдарды жазып, оңдолбогон “мээлерди” түздөөгө салымдарын кошсун. Сүйлөсө эле менин артымда көлөкөдөй ээрчиген колдоочуларым бар дешкени чын болсо калкы үчүн терин төгүп, адал мээнетин арнасын.
Акчасын бурап батыралбай жүргөн көпөс депутаттардын ичинен бирөө ортого чыгып:-“Биз мындан ары элдин үнүн угузууга айлык албай, жыргап чет өлкөдө жүрбөй кызматыбызды кылабыз” - деп демилге көтөрсө жакшы жышаан болмок. Ошондо булар тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калаары калетсиз. Ал эми томурайган, анчалык байлыгы жок анча-мынча эл өкүлдөрүн болсо мамлекет жерге, сууга тийгизбей асырап алууга кубаты жетет. Болгону акылдуу жүрүштөрүн айгинелеп, теңчиликти колдоого алып турушса эп болот. Эми буга кандай дейсиңер, өлкөнүн таянычы болгон калың журт?
Булак: "Ачык сөз"