www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты бүгүн, 20-майда Болот Ибрагимов Кашка-Сууда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кызматкерлерге кызматтык иликтөө керек экенин айтты.

"Шектүү азыр камакта, бирок мен бир дагы аткаминердин же кызматкердин кызматтан кеткенин көргөн жокмун. Мындан улам мен суранып кетет элем, бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүрүшү керек. Коңшу өлкөлөрдө мындай кырсыктар катталганда жоон топ кызматкерлер иштен алынат. Бизде киши өлтүрүүлөр, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болсо дагы эч ким жоопкерчилик албайт. Бул жерде жол кыймылынын кызматкерлери дайыма турушу керек. Себеби Ала-Арчага азыр канчалаган туристтер барып жатат, анын баары жолдо көзөмөлгө алынышы керек да", - деди депутат.  

Эскерте кетсек, 14-майда кечинде Кашка-Суу айылында  Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта унаа айдап бара жатып, рулду башкара албай жол четиндеги 5 адамды сүзүп кеткен. Алардын төртөө жаш балдар болгон. Окуя болгон жерден бардык адамдар каза болгон. 

Последние новости