www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Аида Исатбек кызы жума намаз алдында мечиттерде үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү зордук-зомбулук боюнча кылмышка шектелип жаткандардын арасында динди карманып, мечитке барып жүргөндөр бар экенин айтышты.

«Кара-Сууда 5 жашар кызды үйүнөн уурдап кеткен жаран дагы мечитке барып жүргөн экен. Ошондуктан жума намаз алдында түшүндүрүү иштери жүрсө. Дин иштери боюнча  комтиссия атайын чараларды иштеп чыкса», — деди ал.

Белгилей кетсек, 15-апрель күнү Кара-Суу районундагы 5 жашар кыз үйүнөн уурдалып, айыл сыртынан бейтааныш кишинин унаасынан табылган. Кылмышка шектүү кармалып, тергөө жүрүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости