www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет чек арадан башталат. Ошондуктан биз чек араны тактап алышыбыз керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Жыйында депутат Ташиевден Унгар-Тоодон бир нече жыл мурун коңшу мамлекеттер тарабынан танкалар алып чыгып кеткени айтылып ызы-чуу болду эле. Негизи Унгар-Тоо биздин стратегиялык жерибиз деп айтсак болобу деп суроо салды.
"Туура айтасыз. Унгар-Тоонун 35 гектар жери бүгүнкү күндө картада дагы биздин жерибиз болуп эсептелбейт. Себеби бул Өзбекстанга толук каралган жер болгон. Мына ушул азыркы келишимдердин негизинде биз Унгар-Тоону өзүбүзгө алып жатабыз. Мындар ары Унгар-Тоо толугу менен Кыргызстандын карамагында болот", - деди Ташиев.
Булак: NazarNews.kg