www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Суу кодексине, “Суу жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 1- окууда каралды.
Аталган маселе боюнча КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады. Бул тууралуу маалыматты ЖК басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору КР Суу кодексин жана “Суу жөнүндө” мыйзам ченемдерин жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. Долбоордун максаты суу пайдалануу үчүн төлөм маселесин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардагы коллизияларды жана кемтиктерди жоюу болуп саналат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экономиканын бардык тармактарында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүүнү мындан ары өрчүтүү, суу ресурстарын сактап калууга жана коргоого керек болгон финансылык каражаттарды түптөөгө багытталган. Суу кодексинде суу жаратылыш ресурсу катары пайдаланылгандыгы үчүн акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу обьектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун тартиби менен шарттары, суу пайдалануучуларга жеңилдиктер аныкталган эмес.
Талкууда өндүрүш, тоокен тармагындагылара суу пайдалангандыгы үчүн милдеттүү түрдө төлөм төлөнөрү айтылды. Ал эми энергетика тармагы, чакан ГЭСтерге төлөм каралган эмес. Депутат Зиядин Жамалдинов мындай мамилеге макул эмес. Анткени, алар суу пайдалануу менен электр кубатын иштеп чыгып, сатууда.
Мындан сырткары суу пайдалануудагы суунун баасын аныктоо, лимит кантип аныкталаары, ал ким тарабынан коюлаары сыяктуу бир катар жагдайлар боюнча тактоочу маселелер көптүгү белгиленди.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо эске алынмай болду.
Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.
Ошентип эл өкүлдөрү, эс алууга кете турганына аз күн калганында күрүлдөп эле иштеди. Акыркы күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев айткандай эркиндикке чыгып, терең-терең дем алып, каттуу-каттуу сүйлөп калышты.
Болсун, болсун – өздөрүнө эл өкүлдөрү бек болсун. Тьфу-тьфу көз тийбесин. Ар дайым эле эл керегине жарап, мыйзамдарды чыгарып, чыгарган мыйзамдарын көзөмөлгө алып турсун.
Баса, акыркы күндөрү Жогорку Кеңеште активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан ЖК депутаты Аалы Карашев сол колунун сөөмөйүн кесип алганбы же жеңебиз гүлчөтай жасатканбы айтор колу жарадар экени көрүнүп турат. Эми эмнеси болсо дагы жарадар болгон колу сакайып, эл өкүлү элге кызматын кылып жүрө берсин.
Булак: NazarNews.kg