www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары, тактап айтканда, бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталганы тууралуу маалымдалган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чынгыз Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мүлктүк активдерди мыйзамсыз каттоого тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылып, алынган. Атап айтканда, көп кабаттуу турак жайдын курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча 18 төлөм квитанциясы, эсептешүү актысы жана анын атына катталган үч үлүштүк келишим алынган.

Аныкталгандай, Чынгыз Айдарбеков документтерди жасалмалоо жолу менен, иш жүзүндө кооперативге кийинчерээк мүчө болгонуна карабастан, өзүн мыйзамсыз түрдө коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин негиздөөчүсү катары каттаткан.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен ал кооперативге таандык батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Ошондой эле, буга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен Чынгыз Эгембердиевдин дипломатиялык кызматта иштеген мезгилиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу, анын ичинде контрабандалык иштерге (ичимдик, тамеки боюнча) жана визаларды мыйзамсыз тариздөөгө тиешеси бар экени тууралуу вербалдык нота келип түшкөнү аныкталган. 

Анда Эгембердиевдин бул иштери дипломатиялык кызматкердин макамына туура келбейт деп табылган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ал терс негиздер боюнча дипломатиялык даражаларынан ажыратылган.

Мындан тышкары, болгон маалыматтарга ылайык, Чынгыз Айдарбеков фамилиясын өзгөрткөн, буга чейин ал Чынгыз Эгембердиев деген ат менен белгилүү болгон. 

Аталган өзгөртүүлөр вербалдык нота келип түшкөндөн кийин жасалган, мында жаңы фамилиясы анын апасы тарабынан чоң таятасынын атасынын фамилиясына өзгөртүлгөн.

Учурда тергөө иш-чаралары улантылып, иштин бардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлүүдө.

Последние новости