www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү бир киши коомго кайрылып, мени далилсиз айыптады, адилетсиз жамандады, намыска тийди. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Мен жооп бербесем болбойт. Мындай пикирин депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин жыйыныда билдирди.
"Калп сөз кара тумандай, чын сөз чыккан чынардай, бүт баары ачыкка чыгат. Аткаруу бийликтин өкүлү эл шайлаган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Биз кандай мамлекетте жашап жатабыз. Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасап жатат. Бул мамлекет кызматкеринин сабатсыздыгы. Ар бир бийлик бутагы өз милтедин аткарыш керек. Парламент эң маанилүү демократиялык институт. Бийликте баланс сөзсүз болуш керек.
Чыныгы демократиялык коомдун эң маанилүү булагы бул эл. Ураматтуу Садыр Нургожоевич, биз кечээ сиз менен жолугуп, пикир алмаштык. Дайыма диалогго даяр экениңизге күбө болдум. Бул чечим тарыхта калат. Баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүнкү кошоматчылар, эртеңки саткындар. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедим. Көп пайда алып келдим. Өзбекстандагы элчиликте 3 жыл иштедим, бул маселелерди ичинен билем. Мен кадрдык дипломатмын. Эч ким менин кызмат жолумда түрткү болгон эмес. Ар бир тепкичти өзүмдүн эмгегим менен басып өттүм. Мамлекетке алып келген пайдам чоң. Бирок эч качан жеңил пиар менен алектенген эмесмин. Бүт аракетим Жогорку Кеңештин аброюун көтөрүү үчүн жумшалган. Учурда ээлеген эл аралык, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалык кызматты тапшырышың керек деген сөз пайда болду. Бардыгын түшүнөм. Арызды жазганга даярмын. Убакыт баардыгын көрсөтөт. Жогорку Кеңеште бардыгын ачык-айкын талкуулоо керек. Чечимдерибиз элибизге пайда гана алып келиши зарыл. Эл тараза, эл сынчы. Эл бизди шайлады, эл бизге баа берет. Саясаттагы эң кооптуу нерсе бул кайдыгерлик", - деди депутат.