www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловдун башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул тууралуу Спутник агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы оор экендиги айтылат.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча ооруканада жаткандардын саны 44кө жетти.

Андан сырткары такталган маалыматтарга таянсак Кой-Таштагы катардагы жарандарда курал бар экени айтылууда. Бул маалыматты Кылычбек султан "Апрель" телеканалына берген маегинде тастыктады. 

 

 



 

Последние новости