www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана Уюмдун туруктуу иш алып баруучу органдарынын өкүлдөрү катышат. Учурда делегациялар Чолпон-Ата шаарына чогулушууда.
Иш-чара ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулуп, Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагындагы негизги жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бири болуп саналат. Быйылкы жыйын «ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай» деген ураан алдында өтөт.
Жыйындын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ШКУнун алкагындагы көп тармактуу кызматташуунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Ошондой эле Уюм мейкиндигинде тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү жана ШКУнун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Министрлер алдыдагы Бишкек шаарында өтө турган ШКУ саммитине даярдык көрүү маселелерин карап, тиешелүү документтердин долбоорлорун макулдашары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2025–2026-жылдары ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамын алган Чолпон-Ата шаарында жыйынды өткөрүү Уюмга мүчө мамлекеттердин биримдигин, өз ара ишенимин жана көп тармактуу кызматташтыгын мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилейт.