www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын чыгаан уулу Сүймөнкул Чокморов туулуп-өскөн үй, өнөрканасы жана короосу көп жылдан бери кароосуз калып, чөп басып, эскирип кеткен.
Президент Садыр Жапаров бул аймакты тез арада ирээтке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана эл аралык деңгээлдеги музейге айлантуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Аслан Койчуев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Эске сала кетсек, Сүймөнкул Чокморов (1939–1992) — Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин эл артисти, таланттуу киноактёр, сүрөтчү жана коомдук ишмер. Ал кыргыз кино искусствосунун эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болуп саналат. Чокморов «Караш-Караш окуясы», «Жамийла», «Кызыл алма», «Улан» жана башка бир катар тасмалардагы образдары аркылуу кеңири таанылган. Ошондой эле ал мыкты сүрөтчү катары да белгилүү болуп, анын чыгармалары Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө көргөзмөлөргө коюлган. Сүймөнкул Чокморов кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан катары элдин эсинде сакталууда.