www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭЧүй облусунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 мекемесинин жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-августта козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын кызматкерлери ЖАМКтын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгында 1982-жылы туулган, аскер кызматынын майору Ж.М.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган пара талап кылуу фактысы боюнча шектүү катары кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, Ж.М.Ж. 2025-жылдын февраль айынан тартып соттолгон адамдын жакын туугандарынан телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылып келген.
Тергөөнүн жүрүшүндө акча каражаттары «MBANK» мобилдик тиркемеси аркылуу которулуп турганы аныкталган.
Кармалган адам Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын, алынган акча каражаттарынын көлөмүн, мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон эпизоддорун жана окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Последние новости