www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Чүй региондук башкармалыгы Аламүдүн районундагы бир катар курулуш объекттерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүп келет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө логистикалык-соода борборунун аймагында курулуп жаткан кампаларда, газоблок чыгаруучу заводдо жана аквапаркта курулуш-монтаж иштеринин Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлгөнү аныкталган.
Белгиленгендей, Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестри — курулуш объекттери тууралуу маалыматтарды камтыган мамлекеттик электрондук система болуп саналат.
Ага объекттин дареги, курулуш жүргүзгөн тарап, ошондой эле долбоордук жана уруксат берүүчү документтер киргизилет.
Мыйзамга ылайык, реестрге катталбастан курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.
Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү тараптарга карата протоколдор түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы 1 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле мыйзам бузуу фактыларын жоюу жана кемчиликтерди оңдоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.