www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектелген айыпталуучу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 06:47 чамасында Токмок шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө шаардын 3-кичи районундагы батирлердин биринен бычактан жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо Токмок ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Текшерүү учурунда батирдин ичинен 1980-жылы туулган М.Б. аттуу жарандын сөөгү табылып, анын көкүрөк тушуна бычак сайылганы аныкталган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун жарандык жубайы, 1974-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жубайлардын ортосунда оозеки чыр чыгып, натыйжада К.Ж. ашкана бычагы менен жолдошунун көкүрөгүнө сокку урган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда маркумдун сөөгү Токмок шаардык өлүкканасына жеткирилип, окуя болгон жерден кылмыш куралы (бычак) далил катары алынды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Шектүү К.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Тергөө улантылып жатат.