www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган программаларынын алкагында Чүй облусунда энергетикалык объекттерди куруу жана модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Учурда 250 МВА 110/35/10 кВ «Күн-Туу» көмөкчордонуна экинчи кезектеги курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформаторун орнотуу пландалууда. Бул өз кезегинде көмөкчордондун кубаттуулугун 50 МВАга чейин жогорулатып, энергетикалык объекттин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кыйла арттырууга шарт түзөт.

Курулуш-монтаж иштеринин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылат:
* 110 кВ өчүргүчүн орнотуу;
* 110 кВ ажыраткычтарды монтаждоо;
* 7 даана КРУН уячасын орнотуу;
* 110 кВ ток жана чыңалуу трансформаторлорун монтаждоо;
* жерге туташтыруу жабдууларын орнотуу;
* 110 кВ ашыкча чыңалуудан коргоочу чектегичтерди орнотуу.

Аталган иш-чараларды ишке ашыруу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, көмөкчордонунун кубаттуулугун көбөйтүүгө жана Чүй облусунун энергетикалык инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бул жумуштарды ушул жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландаштырылууда.
 

Последние новости