www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жыл башынан бери жалпы суммасы 70,2 млн сомдон ашкан контрабанданын 71 фактысына бөгөт койду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, аныкталган мыйзам бузуулардын 41 учуру мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде катталган.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ички чек аралары аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылынган жалпы суммасы 49,2 млн сомдук 134 партия эсепке алынбаган жүк кармалган.

Чек арадан айыл чарба малдарын мыйзамсыз алып чыгууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Жыл башынан берки жети ай ичинде бодо малды жана жылкыларды жашыруун айдап өтүүгө жасалган 63 аракет аныкталган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, айрым мыйзам бузуучулар өткөрмө бекеттерин айланып өтүү үчүн мамлекеттик чек аранын тосулган тилкелериндеги тикенектүү зым тосмолорду талкалап же кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Ошондой эле Чек ара кызматы көмүскө каналдардын уюштуруучулары тарабынан маалыматтык чабуулдарга жана ведомствонун кадыр-баркын түшүрүүгө багытталган аракеттерге туш болуп жатканын белгиледи.

Ошого карабастан, ведомство мындай маалыматтык басым чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө жана мыйзамсыз жүк ташууга каршы күрөшүүгө тоскоолдук кыла албасын билдирди.

Последние новости