www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркаган насыясы бар жарандардан карыздарын кечүү боюнча 474 арыз келип түшкөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун чек ара чырынан жабыркаган тургундарынын 19 миллион 538 миң сомдук 287 насыясы кечилсе, 36 миллион 487 миң сомдук 155 насыя реструктуризацияланды.

Улуттук банктан кошумчалашкандай, каржы-насыя уюмдары келген бардык арыздарды карап жатат жана тиешелүү чараларды көрөт.

Быйыл 14-17-сентябрдагы Тажикстандын кол салуусунан чек арадагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй кайра оңдолууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости