www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кооптуу калдыктарды сактоо боюнча ишмердүүлүктү лицензиялоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Фулл Голд Майнинг» жана «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКларында лицензияга чейинки текшерүү жүргүздү.
Министрликтен билдиришкендей, текшерүүнүн негизги максаты калдыктарды сактоочу жайларды иштетүүдө экологиялык, техникалык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мыйзамдардын сакталышын, ошондой эле долбоордук, лицензиялык жана уруксат берүүчү документтердин болушун аныктоо болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө калдыктарды сактоочу жайларды эксплуатациялоодо бир катар мыйзам бузуулар жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин жоктугу аныкталды. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.
Мындан тышкары, комиссия кооптуу өнөр жай калдыктары жайгашкан объектилерди инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын калдыктар кадастрын жаңылоо максатында тоо тектеринин калдыктарын, өнөр жай полигондорун, техногендик түзүлүштөрдү, анын ичинде консервацияланган объектилерди жана алардын көлөмүн да изилдеди.
Министрлик бардык тоо-кен компанияларын лицензияланууга тийиш болгон объектилерди өз убагында лицензиялап, экологиялык жана лицензиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды.