www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү бүгүн, 25-майда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу экс-төраганын кызы Нурила Чекирова билдирди.

"Атам коомдук ишмер болгондуктан сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары айтылды. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10:00дө болуп, ага жакындары эле катышат", - деди Чекирова.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-майда Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев 70 жаш курагында кайтыш болду. Ал коронавирус жугузуп алган.

Эске сала кетсек, Мукар Чолпонбаевдин NazarNews.TVге ушул жылдын 5-мартында берген акыркы маеги: 

NazarNewsтун жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгы азасын тең бөлүшөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости