www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-июнунда Будапешт шаарында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин каарманына арналган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Эстелик Будапешт шаарынын XXII районундагы “Дуна-Фок” эс алуу паркында (DunaFok Szabadidőpark) Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинин демилгеси жана Будапешт шаарынын XXII райондук муниципалитетинин колдоосу менен орнотулду.

Бул иш-чара Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын жайылтуу жана Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын расмий өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, маданият жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Мажарстанда жашаган кыргызстандыктар катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы ордуна, анын маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалоого кошкон салымына өзгөчө токтолушту.

Кыргызстандын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков эстеликтин ачылышы улуу жазуучунун чыгармачылык мурасына болгон терең урматтын белгиси экенин белгилеп, анын чыгармалары дүйнө жүзүндө бүгүнкү күнгө чейин кеңири окулуп жатканын айтты.

Ошондой эле ал 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине даярдыктарга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Эстеликтин ачылышы кыргыз-мажар маданий байланыштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп, эки өлкөнүн достугунун дагы бир символуна айланды.

Последние новости