www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Шайлоочулардын саны азайды

«Форма №2» ыкмасы жоюлганына байланыштуу шайлоочулардын саны азайды. Бул тууралуу 23-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында кабарлады.

Айрыкча Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында шайлоо тизмесине кирген жарандардын саны азайган.

Учурда шайлоо тизмесине 3 миллион 544 миң жаран кирди.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо 400 миңден ашуун адам «Форма №2» аркылуу добуш берген.

Шайлдабекованын айтымында, 2017-жылы чыгарылган паспорт менен жүргөн жарандар катталган жерин өзгөртсө, анда калкты тейлөө борборлоруна барып, паспортундагы чипти жаңыртуусу керек.

Шайлоочулар 29-декабрга чейин өздөрүн тизмеден текшерип, ката табылса, БШКга арыз жазышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Акын Мамбеталиевдин айтымында, бүгүнкү күндө биометрикалык паспорту бар 13 миң 689 жаран катталган жерин өзгөртүп, бирок паспортуна өзгөртүү киргизе элек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости