www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азияда суу тартыштыгы күчөөдө

Борбор Азияда суу тартыштыгы курчуп, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши негизги көйгөйгө айланууда. БУУнун маалыматы боюнча, жакынкы жылдары Сырдарыя жана Амударыя дарыяларындагы суу көлөмү 15%га чейин азайышы мүмкүн.

Эксперттердин айтымында, суу тартыштыгы аймак өлкөлөрүнүн экономикасына таасир этип, ИДПнын 11%га чейин төмөндөшүнө жана жыл сайын 2 млрд долларга жакын чыгымга алып келиши мүмкүн.

Акыркы жылдары Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн болжол менен 30% эрип кеткен. Алардын 45% Кыргызстанда жайгашкандыктан, өлкөдө суу ресурстарын сактоо жана сел коркунучун азайтуу маселеси маанилүү бойдон калууда.

Адистер суу маселесин чечүү үчүн Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр биргелешип иштешип, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Последние новости