www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө, С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы коомдук мейкиндик түзүлөт.

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери аталган аймакты көрктөндүрүү жана заманбап эс алуу жайын түзүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты.

Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Анын алкагында балдар ойноочу жана воркаут аянтчалары, универсалдуу спорттук аянтча, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана унаа токтотуучу жай куруу пландалууда.

Мындан тышкары, аймакка жашыл газондор төшөлүп, бак-дарактар отургузулат. Эс алуучулар үчүн отургучтар, таштанды урналары, оюн жана спорттук жабдуулар, ошондой эле энергия үнөмдөөчү заманбап көчө жарыктары орнотулат.

Долбоор ишке ашырылса, аймактын архитектуралык жана ландшафттык көрүнүшү жакшырып, жашылдандыруу деңгээли жогорулап, шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүлөт.

Учурда эскиздик долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясына кароого өткөрүлүп берилди.

Последние новости