www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жеңилдетилген «Жетим балдар» категориясындагы алты жаранга муниципалдык батирлердин ачкычтары тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, батирлердин ачкычтарын ээлерине тапшырды. Турак жайлар Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык убактылуу пайдаланууга берилди.

Батир алган жарандар Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары каттоодо турушкан.

Мэр Айбек Джунушалиев жаңы конуш ээлерин куттуктап, турак жайга ээ болуу алардын жашоосундагы жаңы этап экенин белгиледи.

Анын айтымында, муниципалитет мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгонуна карабастан, социалдык жактан колдоого муктаж жарандарды турак жай менен камсыздоо боюнча милдеттенмелерин аткарууну улантууда.

Белгиленгендей, мамлекеттик турак жай саясатынын негизги багыттарынын бири жарандарды Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат.

Последние новости