www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жашы жете элек кыз изделүүдө

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы 14 жаштагы Логинова Снежана Александровна изделип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын апасы 2026-жылдын 21-июлунда милицияга кайрылып, кызы ошол күнү саат 13:30 чамасында Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү 1Б үйүнөн сейилдөөгө чыгып, кайра кайтып келбегенин билдирген.

Изделип жаткан кыздын бою болжол менен 160 см, салмагы 45–50 кг, дене түзүлүшү арык. Чачы кочкул сары түстө, белине чейин узун, көздөрү ачык жашыл түстө.

Кыз ошол учурда ачык түстөгү узун жеңдүү кофта, кара спорттук шым жана ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Оң колунда эки билериги, моюнунда үч чынжыры болгон.

Кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандардан Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 0312 67-01-13, +996 700 669 334, же 102 номерлери аркылуу кабарлоо суралат. Маалыматты жакынкы милиция бөлүмүнө да билдирүүгө болот.

Последние новости