www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча Мигранттар үчүн ресурстук борбор (МРБ) расмий ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Борбор Европа Биримдигинин колдоосу менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору (ICMPD) ишке ашырып жаткан «PROTECT» долбоорунун алкагында түзүлгөн.
Демилгени Кыргызстанда ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору өнөктөш болуп саналат. Жаңы борбор аталган мекеменин имаратында жайгашат.
Борбор жарандардын коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу миграция тууралуу ишенимдүү маалыматка жетүүсүн кеңейтүүгө, ошондой эле мыйзамсыз миграция, адам сатуу жана эксплуатация тобокелдиктери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин биринчи вице-спикери М.К. Алиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлдөрү, ICMPD, эл аралык уюмдар жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Министрдин орун басары М.К. Байгончоков ресурстук борбор жарандарга коопсуз миграция боюнча маалыматтык колдоону күчөтүп, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо механизмдерине жетүүнү жеңилдете турганын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору менен ICMPD ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы алгачкы Мигранттар үчүн ресурстук борбор 2024-жылдын 5-мартында Ош шаарында ачылган. Андан бери борбор 21 миңден ашуун жаранга консультация жана маалыматтык жардам көрсөткөн.
Бишкектеги жаңы борбор жарандар үчүн чет өлкөгө кетүүгө чейинки багыт берүүчү жолугушууларды, коопсуз эмгек миграциясы боюнча тренингдерди жана маалыматтык иш-чараларды уюштурат.