www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө  2019-жылдын 1-ноябрь күнү  95 жыл  толот. Бул маанилүү күнгө утурлай, коомдук коопсуздукту сактоо менен жүрүшкөн ички иштер органдарынын кызматкерлери менен милициянын кезметтери гарнизондук саптык кароодон өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка караганда, гарнизондук саптык кароого ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана түзүмдөрүнүн жетекчилери, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун жоокерлери, Ички Аскерлердин аскер кызматкерлери,  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, ИИМдин Академиясынын курсанттары, Бишкек шааардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери, андан сырткары ички иштер органдарынын аял кызматкерлери катышты.

Өздүк курам алдында ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев сөз сүйлөп, бул жылы Кыргыз милициясы 95 жылдык маарекесин белгилей тургандыгын билдирди.   “Бүгүнкү күнү коом  биздин алдыбызга жогорку талапты коюшууда. Жарандар үчүн милиция формасындагы адам бийликти, мыйзамды, адилетүүлүктү чагылдырат. Сиздерден гана шаардын көчөлөрүндөгү тартип, жарандардын тынчтыгы,  алардын өздөрүнүн коопсуз экендигине ынангандары көз каранды.  Ишке болгон жоопкерчиликтүү мамиле кылганда, ар бирөөнүн көйгөйүнө көңүл буруу менен чече билүүдө, эң башкысы сабаттуу жана профессионалдуу иш менен ишенимге ээ болуп, аны жогорку деңгээлде кармап кала алабыз”,-деп  Кашкар Джунушалиев билдирди.

Салттуу тескемеден кийин, ички иштер органдарынын кызматкерлери Эски аянтта салтанаттуу марш менен өтүштү. Гарнизондук саптык кароодо өзгөчө аялзатынан түзүлгөн түзүмдү белгилеп кетүү керек. Аял кызматкерлердин түзүмү саптык марш менен өтүшү майрамдык парадда эсте калаарлык окуя  болуп калды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости