www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-26-май күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренасында көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мелдеш 21-жолу юниорлор арасында жана 17-жолу сениорлор арасында уюштурулуп, ага Азиянын бир катар өлкөлөрүнөн мыкты спортсмендер катышат.
Чемпионатка 19 өлкөдөн 200гө жакын гимнаст катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Монголия, Малайзия, Сингапур, Филиппин, Лаос, Тажикстан жана башка мамлекеттер бар.
Эскерте кетсек, бул мелдештин өзгөчөлүгү Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына жолдомо берүүчү тандоо этабы болуп эсептелет.