www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын эки кызматкери системалуу түрдө пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызмат адамдары долбоордук уюмдардын өкүлдөрүнөн документтерди оң карап, тиешелүү эксперттик корутунду даярдап берүү үчүн акча талап кылып, алып турушкан.

Тергөөдө мыйзамсыз алынган акчанын көлөмү маселенин татаалдыгына жараша 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин болгондугу аныкталган.

Аскер прокуратурасы менен УКМКнын биргелешкен иш-чараларынын алкагында башкармалыктын жетекчилеринин бири М.И. жана улук инспектор М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Последние новости