www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Хан Манас кубогу үчүн дзюдо боюнча IX эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында 2004-2006-жылдары төрөлгөн уландар жана кыздар арасында 27-28-апрель күндөрү болот.

Ага Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген спортчулар катышары белгиленди.

Эскерте кетсек, иш-чара Бишкек мэриясы, Олимпиадалык резервдеги балдар жана жаш өспүрүмдөр мектеби, Улуттук дзюдо федерациясы менен биргеликте уюштурулууда.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости