www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-июнда Бишкектеги «Ынтымак-2» паркында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган салттуу дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өтөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан өлкөдө аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте уюштурулат.
Жарманкенин алкагында келгендер ар кайсы өлкөлөрдүн маданияты менен таанышып, улуттук сувенирлерди жана кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алып, салттуу тамак-аштардан жана суусундуктардан даам тата алышат.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, товарларды сатуудан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулук максаттарына жумшалат.
Иш-чара саат 15:00дөн 19:00гө чейин «Ынтымак-2» паркында өтөт. Борбор калаанын тургундары жана коноктору кайрымдуулук акциясына катышууга чакырылат.