www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир катар көчөлөрдө 3 күн газ болбойт

10-12-июнь күндөрү Бишкектин бир катар көчөлөрүндө газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, газ жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болууда.

Үч күнгө төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Горький көчөсү, Кара-Көл көчөсү, Медеров көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Малдыбаев көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухэ Батор көчөсү, Н. Жетикашкаева көчөсү, Каралаев көчөсү, Кара Дарыя көчөсү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Последние новости