www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы чет элдик жарандын катышуусундагы видео боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү саат 09:13 чамасында Бишкек шаарынын Мадина базары жайгашкан аймагында эки жарандын ортосунда жол талаш маселесинен улам жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда, катышуучулар медициналык жардам алуу үчүн Улуттук бейтапканага кайрылышканы аныкталган.

Алдын ала маалымат боюнча, 1965-жылы туулган Голландиянын жаранын М.А "Тайота Прада" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен 1984-жылы туулган Б.А "Тайота Камри" үлгүсүндөгү айдоочулар жол талаштан улам чыккан пикир келишпестик кийин өз ара мушташка айланып кеткен.

Окуяга байланыштуу тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Унаалар айып короо жайына токтотулду.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда эки жаран жолдо чырдашып жатканы тууралуу видео жарыяланган. Анда араб жараны сабалганы айтылган.

 

Последние новости