www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы 2-3 айдан кийин «акылдуу» жол чырактар долбоорун шаардын бардык аймагына жайылтууну көздөөдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди.
«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы учурда тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Башкача айтканда, жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы шаардын бүткүл аймагына жайылтылат», — деп түшүндүрдү ал.
Ал буга чейин шаардагы 21 кесилиште пилоттук режимде «акылдуу» жол чырактар орнотулганын эске салды.
Ошондой эле ал пилоттук долбоор өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн жана мындай системалар өнүккөн шаарларда колдонуларын белгиледи.