www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адам уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-март күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине К.А. аттуу жаран, белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 01:00 чамасында Бишкек шаарынын Аламедин-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз адамдар анын уулу К.Н. аттуу жаранды белгисиз үлгүдөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-б. (Адам урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган М.Н., 2006-жылы туулган Ю.Ф., 2007-жылы туулган И.Р., ошондой эле 2009-жылы туулган жашы жете элек А.Р. аттуу жарандар аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр жаран К.Н.ды мурдагы карыз акча каражатын өндүрүп алуу максатында уурдап кетишкендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү 2006-жылы туулган М.Н., 2006-жылы туулган Ю.Ф. жана 2007-жылы туулган И.Р. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.

Ал эми 2009-жылы туулган жашы жете элек А.Р., карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

 

Последние новости